• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Түркияга унаанын багажында жашынып өтүүнү каалаган кыргызстандык адам сатуунун курмандыгы эмес – КР ТИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Түрк-грузин чек арасынан унаанын багажына жашынып өтүп кетүүгө аракеттенген кыргызстандык аял адам сатуунун курмандыгы эмес. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Артвин провинциясынын Кемальпаша районунун полиция башкармалыгы менен байланышып, 29 жаштагы КР жараны А.М. чек араны мындай түрдө өтүүгө өзү макул болгонун аныктаган.

Алынган маалыматка ылайык, ал учурда аталган полиция башкармалыгында турат жана жакын арада Түркиядан депортацияланат.

Эскерте кетсек, 31-июлда Кыргызстандын жараны Грузия аркылуу Түркиянын аймагына унаанын багажына жашынып алып өтүүгө аракет кылган. Ал Артвин шаарына жакын бажы пунктунан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий