• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияга жардам. Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмарашка келди (видео)

Коом 0


Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын куткаруучулары Кахраманмараш шаарына келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар алгач Стамбул шаарына, андан кийин Кахраманмарашка келишти.

Видеодо КР ӨКМ куткаруучулары Түркиянын “AFAD” куткаруучулардын базасынан тиешелүү тапшырмаларды алып жаткан учуру.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Түркияда табият кырсыгынан каза болгондордун саны 5 миң 894ге, жабыркагандардын саны 34 миң 810 адамга жеткени кабарланды. Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Ал эми Сирияда 1 миң 250 адам каза болуп, 2 миңден ашууну жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий