• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркиялык авиакомпания "Манас" аэропортуна жардам катары медициналык жабдык жана дары-дармектерди берет

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Түркиялык "ГАТА Хава Йоллары" (GATA HAVAYOLLARI VE TASIMACILIK A.S) авиакомпаниясы кайтарымсыз түрдө "Манас эл аралык аэропорту" ААКсына медициналык жабдык жана дары-дармектерди берет. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Эки мекеменин ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык жардамдын биринчи партиясы келген:

- Абанын рециркулятору (AeroRAD UVC FAN-15) - 10 даана;
- Пульсоксиметр – 10 даана;
- Кычкылтек концентратору (Respirox SZ-5AW Oxygen Concentrator) – 10 даана.

Жакын арада жардамдын экинчи партиясы келери күтүлүүдө.

"Медициналык жабдыктар жана дары-дармектер жакында "Манас" аэропортунун аймагында ачыла турган аэропорттун стационарында колдонулат. Ал стационарда "Манас" аэропортунун кызматкерлерине жана медициналык жардамга муктаж жарандарга жардам көрсөтүлөт", - деп билдиришти "Манас" аэропортунан.

"Манас эл аралык аэропорту"ААКсы көрсөтүлгөн жардам үчүн "ГАТА Хава Йоллары" компаниясына жана анын президенти Вугар Аббасовго ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий