• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу маалымат берилди

Экономика 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев «ОСТИМ» уюшкан өнөр жай аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы Орхан Айдын менен жолугушуп, КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында Кыргызстандын экономикасына түрк инвестицияларын тартуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн «жол картасын» даярдоо зарылчылыгы белгиленди.

Казакбаев инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жеринен изилдеп, түз байланыштарды түзүү максатында Орхан Айдин жетектеген компания өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Орхан Айдын иштерди активдештирүүгө кызыкдар экенин белгилеп, элчи Руслан Казакбаевди Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор менен тааныштыруу жана резидент-компаниялар менен жолугушууларды уюштуруу үчүн «ОСТИМге» келип кетүүгө чакырды.

Компаниянын жетекчилиги ошондой эле техникалык-экономикалык негиздемени жана башка долбоордук документтерди даярдоодо болгон олуттуу тажрыйбаны эске алуу менен буга чейин берилген инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө даяр экендигин билдирди.


Маалымат үчүн: «ОСТИМ» уюштурулган өнөр-жай аймагы Анкарадагы биринчи өнөр-жай аймагы 1967-жылы негизделген. Учурда өнөр-жай аймагынын майданы 5 миллион чарчы метрге барабар. «ОСТИМ» өнөр-жай аймагы 6 миң 500 ишкананы камтыйт, анда 65 миңден ашуун адам 17 сектордо иштейт. «ОСТИМге» мүчө компаниялар коргоо, авиация, медицина, курулуш техникасы, маалымат технологиялары, энергетика ж.б. тармактарда иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий