• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиянын айрым компаниялары Кыргызстанда өндүрүштүк жайларды ачууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 21-январында Түркиянын Караман шаарында ѳткѳн бизнести өнүктүрүү боюнча кыргыз-түрк форумунун алкагында, курамында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев, Жогорку Кеӊештин депутаты Эмил Токтошев, Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев болгон делегация Караман шаарындагы 11 түрк өнөр-жай компаниялары жана Уюштурулган өнөр-жай зонасы менен таанышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө, кыргыз ишкерлери жана Чүй жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай, айыл чарба, энергетика, курулуш жана башка өндүрүү жайлары менен таанышышты. Кыргызстандын ишкерлери өздөрүнүн түрк кесиптештери менен B2B жолугушууларды өткөрүштү.

Уюштурулган өнөр жай зонасына баргандан кийин, ар түрдүү тармакта иш алып барган компаниялардын катышуусу менен, бул өнөр жай зонасынын жетекчилиги жана башка кызыкдар болгон ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандагы бизнес-чөйрөнү алып баруу боюнча толук пикир алмашуулар болуп ѳттү. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго элчи Кубанычбек Ѳмүралиев, депутат Эмил Токтошев, өкүл Алтынбек Намазалиев жооп беришти, ошондой эле Кыргызстанда иш алып барган кыргыз жана түрк ишкерлери ѳзүлѳрүнүн тажрыйбалары жана Кыргызстанда бизнести алып баруу тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле, Кыргызстандагы туроператорлордун бирикмесинин төрагасы Э.Мырзабеков ѳзүнүн сѳзүндѳ жыйындын катышуучуларын Кыргызстанга чакырып, ѳлкѳдѳ саякат уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Иш чарада түрк тарабынан Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Режеп Шекер, «Караман» Уюштурулган өнөр-жай зонасынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Эсат Шен жана Кыргызстанда иштеп жаткан Megamedia LTD Түрк компаниясынын башкы директору Муаммер Аккая Кыргызстандын экономикасына инвестиция жасоого жана эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды ѳнүктүрүүгѳ чакырышты.

Мраморду кайра иштетүү боюнча "Konmersan" компаниясы, сүт продукцияларын «Slava» жана күн энергиясы аркылуу суу жылытуучу батареяларды чыгарган "Islersan" компаниялары Кыргызстанда өндүрүштүк жайларды ачуу боюнча кызыкдар экендигин, ошондой эле изилдөө жана деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келе тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий