• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиянын Анталия шаарында Айтматов атындагы жаңы парк ачылды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрда күнү Түркиянын Анталия шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы парктын ачылыш аземи болуп өттү. “Кабар” агенттигине иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашкандай, парктын ачылышы Муратпаша муниципалитети тарабынан колдоого алынган.

Парктын расмий ачылышына Муратпаша муниципалитетинин башчысы Үмит Уйсал, Аскар Айтматов жана Түркиядагы кыргыз мекендештери катышкан.

Аскар Айтматов өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов жөнүндө кенен маалымат берип, Түрк дүйнөсүнүн ынтымагы улана берүүсүн айтып терең ыраазычылык билдирген.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшү концерттик программа менен коштолуп, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Ысык-Көлдү сагынуу" чыгармасы менен жыйынтыкталган.

Белгилей кетсек, буга чейин Москва шаарында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылган.

Пикир

Оставить комментарий