• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган КРга болгон сапары тууралуу Twitter`ге билдирүү жазды

Коом 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдогандын Кыргызстанга болгон сапары учурундагы программасы жыш болгонун ал Twitter`деги баракчасына жазды.

Эмине айымдын биринчи билдирүүсү Кыргызстандын президенти жана биринчи айымы менен расмий жолугушуусуна арналган.

“Бир тууган Кыргызстанда бизди жүрөктөн чыккан меймандостук менен тосуп алышты. Биз ТИКА башкармалыгы курган Бишкектеги кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасына бардык. Дарылоо үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөргө ээ оорукана кыргыздар үчүн мыкты дарылоочу борбор болот деп эсептейм”, - деп жазган Эмине Эрдоган.

Экинчи твитинде биринчи айым Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканага барганы тууралуу жазган.

“Кыргызстандын улуттук китепканасында биз Чыңгыз Айтматовдун маданий борборун ачтык. Ал жерде 5 миңге жакын түрк тилиндеги китеп бар. Эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөөгө себеп боло турган балдар үчүн дагы бөлүм бар”, - деген ал.

Ошондой эле ал дагы бир билдирүүсүн Чыңгыз Айтматовдун карындашы жана уулу менен болгон таанышууга арнаган.

“Улуттук китепканада кыргыз-түрк маданий борборунун ачылыш аземинде мен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу жана карындашы менен тааныштым. Айтматов Түркияда дагы атактуу адам экенин белгилеп, биз аны эскердик”, - деп жазган Эмине Эрдоган.

Акыркы билдирүүсү Кыргызстан тууралуу болгон.

“Биз Кыргызстандан керемет сезимдер менен кайттык. Кырчын капчыгайында көчмөн жашоонун түрдүү аспектилерине күбө болдук. Кыргызстандын өнүгүүсүнө биздин өлкөнүн катыштыгынан кабар берген кыргыз-түрк ооруканага бардык, китепкананы жана маданий борборду ачтык”, - деп жазган Түркиянын биринчи айымы.

Пикир

Оставить комментарий