• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркиянын Бурса шаарында Манас жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. 2022–жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылган Түркиянын Бурса шаарында "Баарын коюп манасты айт" аттуу Манас жумалыгы өтөт.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында өтө турган маданий иш-чара 21-29-сентябрь аралыгында "Меринос" паркында өтөт.

Кыргыз улуттук “Манас” театрынан кабарлашкандай, "Манас жумалыгы” аттуу улуу эпос аркылуу түрк маданияттын эл аралык масштабда таанытуу иш-чарасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен өтөт.

Иш-чара Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Венгриядан келген манасчылардын, ошондой эле ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин катышуусунда өтмөкчү.

Кыргызстандын атынан төмөнкү манасчылар барат:

  1. Рыспай Исаков – манасчы
  2. Азиз Биймырза уулу – манасчы
  3. Нурбек Талантбеков – манасчы
  4. Улан Исмаилов – манасчы
  5. Самат Көчөрбаев – манасчы
  6. Талантаалы Бакчиев – манасчы
  7. Замирбек Баялиев – манасчы
  8. Азамат Болгонбаев – төкмө акын
  9. Максат Кулуев – төкмө акын

Пикир

Оставить комментарий