• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркиянын экс-президенти КР жана Казакстандын аскерлерин Сирияга тынчтык аскерлери катары жиберет деп болжолдойт

Саясат 0

Астана, 23-июнь /Кабар/. Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл Кыргызстан жана Казакстандан аскерлерди сириялык Идлиб шаарына, балким, тынчтык аскерлери катары жиберишет деп болжолдойт. Мындай пикирин ал Астанада Евразия медиафорумунда билдирди.

Журналисттердин Россия Кыргызстан жана Казакстан менен Сирияга аскерлерди жөнөтүү сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жаткандыгы тууралуу суроосуна жооп берүүдө, Гүл “кандайдыр бир түшүнбөстүктөр бар же мен чоо-жайын билбейм” деп айткан.

“Спикердин Түркиянын президентине Кыргызстан жана Казакстандан сириялык Идлиб шаарына солдаттарды жөнөтүү тууралуу билдирүүсү, балким, согушту токтотуу үчүн тынчтык аскерлери катары багыттоо болушу мүмкүн”,- деди Түркиянын мурдагы башчысы.

Анын айтымында, Түркия, Россия жана Иран учурда согушту токтотууда тыгыз кызматташып жатышат. Ошондой эле, ал бул багытта үзгүлтүк бар экенин белгиледи.

22-июнда РИА Новости Түркиянын президентинин өкүлү Ибрагим Калын россиялык тарап Сириядагы деэскалация аймагына Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин жөнөтүүнү сунуштагандыгын билдиргенин жазган. Мамдуманын коргоо комитетинин башчысы Владимир Шаманов РИА Новостиге РФ бул эки өлкө менен Сирияга аскерлерди жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастаган.

Бүгүн, 23-июнда, Казакстандын ТИМ башчысы Кайрат Абдрахманов журналисттерге Сирияга аскерлерди жөнөтүү боюнча Казакстан эч ким менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатпагандыгын билдирген.

Кыргызстандын ТИМи азырынча бул маалыматка түшүндүрмө бере элек.

Пикир

Оставить комментарий