• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркиянын фармклиникалары Кыргызстанга завод курушу мүмкүн

Ден соолук 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Түркиянын фармацевтикалык клиникалары Кыргызстанга заводдун филиалын ачуун мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер тууралуу журналисттерге айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, Түркиянын фармклиникалары Кыргызстанга зарыл дары-дармектерден жардам көрсөтүшмөкчү.

“Кыргызстанга фармацевтикалык завод куруу же керектүү дарыларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу каралып жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий