• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

Маданият 0

Бишкек, 29.09.22./Кабар/. Бүгүн, 29- сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталып, ага кыргыз спортчулары катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Программага ылайык, бүгүн көк пар, ат үстүндө жаа атуу, жаа атуу мелдештери өтүүдө.

Аны менен катар оюндар өтүүчү аймакта түрк дүйнөсүнүн кол өнөрчүлүгү, тамак- аштардын жарманкеси жана элдик сейилдөөлөр жана чакан концерттик программалр менен коштолууда.

Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы Кыргызстан убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Салтанаттуу ачылышка Кыргызстандын өнөр адамдары катышып, кыргыздын улуттук программа эл алдына чыгат.

Салтанаттуу ачылыштын жүрүшүн КТРКнын спорт каналынан көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир өткөрүлөт. Кабыл алуучу өлкө Түрк мамлекеттеринин Уюмунун (ОТГ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими менен аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий