• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркиянын Кайсери шаарында Кыргыз маданият күнү өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Түркиянын Кайсери шаарында билим алган кыргыз студенттери тарабынан “Кыргызстанды таанытуу күнү” өткөрүлдү. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде болгон. Бул тууралуу Кайсери шаарындагы «Кыргызстан студенттер биримдигинин» төрагасы Эрболот Касымов билдирди.

Ал маалымдагандай, аталган маданий иш-чарага Эржиес университетинин ректору баштаган факультет декандары менен бирге бир канча өлкөдөн келген студенттер катышты.

“Мындай иш-чараны жыл сайын өткөрүп келебиз. Ар жылы программабызда кыргыз маданияты менен тааныштырабыз. Андан сырткары кайыш, кийизден жасалган улуттубузга таандык буюмдарды көргөзмөгө коюу менен бирге залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун китеп бурчу да уюштурулуп келет”,-деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын алкагында түрк боордошторду жана чет өлкөлүк конокторго Ысык-Көлдө күзүндө өтөт турган III ДКО тууралуу маалымат берилген.

Иш-чаранын алкагында ошондой эле атайын концерттик программа уюштурулган.

КРнын Түркиядагы элчилигинин расмий маалыматы боюнча аталган өлкөдө 19 миңдей кыргыз бар. Ал эми Түркиянын Кайсери шаарында 120га жакын кыргыз жарандары жашашат.

Пикир

Оставить комментарий