• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркиянын Кечиөрен районунда Манастын эстелиги орнотулат – элчи Өмүралиев

Маданият 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Түркиянын Кечиөрен районунда Манастын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

Былтыр 12-декабрь күнү Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов сейил багында улуу жазуучунун эстелигинин ачылышы болуп өткөн. Эстелик Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиөрен районун мэриясы тарабынан жасалып, орнотулду.

Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземинде КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев алдыда аткарыла турчу пландар менен бөлүшүп кетти.

"Айтматовдун эстелиги мурун эле ачылыш керек эле. Биз алты ай бою сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мына бүгүн эстеликтин ачылышында турабыз. Кечиөрен районунда Айтматовдун эстелиги тургузулду, эми келечекте Манастын эстелигин мэриянын алдында орнотулат. Азыр ушул жаатта иштерди аткарып жатабыз", - дейт Өмүралиев.

Эстеликтин ачылыш аземине КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, Түркиянын министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышкан.

Пикир

Оставить комментарий