• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиянын КРдагы элчиси менен болгон окуя эки өлкөнүн мамилелерине таасирин тийгизбейт – ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү – Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев 8-май күнү Бишкектеги ресторандардын биринде ифтарда Түркиянын КРдагы элчиси менен болгон окуя боюнча комментарий берди.

"Соңку жылдары эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын аркасы менен Кыргызстан менен Түркиянын кызматташуусу жаңы деңгээлге чыкты. Ал үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Борбор калаадагы ресторандардын бириндеги Түркиянын элчиси Жеңгиз Камил Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ жана эки өлкөнүн мамилелерине таасирин тийгизе албайт", - деди ал.

Эскерте кетсек, 8-май күнү Кыргызстандын муфтияты өткөргөн ифтарда Түркиянын КРдагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат уюштуруучулар ФЕТО өкүлдөрүн чакырганын айтып, ал жерден кетип калган.

Андан кийин бул боюнча Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Кыргызстандын Муфтияты өткөргөн ифтарга Феттулах Гүллендин ("Себат" мектептеринин негиздөөчүсү) өкүлдөрү чакырылганы туура болбогонун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий