• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Түркиянын “Маариф” фонду Кыргызстандагы алгачкы мектебин Бишкекте ачат

Билим 0

Бишкек, 31.01.21./Кабар/. КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Борбордук Азиядагы “Маариф” фондунун директору Хүснү Биржан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуудагы негизги тема “Маариф” фондунун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү болду. Фонд өз ишмердүүлүгүн Түркиянын Анкара шаарында 2020-жылдын 10-ноябрында КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Түркиянын “Маариф” фондунун ортосунда Кыргызстанда жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча кол коюлган макулдашуусунун негизинде жүргүзүп келет.

Түрк тараптын өкүлү билдиргендей, жаңы окуу жылында Кыргызстанда “Маариф” фондунун алгачкы жалпы билим берүү мектебин ачуу үчүн фонд тарабынан бардык керектүү иштер жасалып жатат. Мамлекеттик стандартка ылайык, окутуу кыргыз тилинде дагы жүргүзүлө турган мектептин Бишкекте ачылышы пландалууда. Окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарттарына ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары болмокчу.

Министрликтин жетекчилиги фонддун ишине ийгилик каалап, министрлик катары ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар мындай мектептин ачылышы билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамилелеринин дагы да бекемделишине зор салым кошот деген пикирин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий