• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиянын президенти 2022-жылы Кыргызстанга келүү ниетин билдирди

Саясат 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2022-жылы өтө турган жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Эрдоган бүгүн, 23-декабрда, президент Садыр Жапаров менен болгон телефондук сүйлөшүү учурунда билдирген.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүү жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин жылуу куттукташты.

Президент Садыр Жапаров Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган, дипломатиялык алака түзүп жана элчилигин ачкан алгачкы өлкө экенин канаттануу менен белгиледи.

"Өз кезегинде президент Режеп Тайып Эрдоган 2021-жылы кыргыз-түрк мамилелерине стратегиялык өнөктөш макамы берилгенине 10 жыл болгонун белгиледи.

Буга байланыштуу ал стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин 2021-жылдын июнь айында өткөн жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара күч-аракетти жумшоону сунуштады. Түрк лидери 2022-жылы боло турган Кеңештин кийинки жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниетин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий