• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркиянын президенти Көчмөндөр оюнуна үй-бүлөсү менен учуп келет

Саясат 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келет.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдиргендей, Эрдоган Кыргызстанга үй-бүлөсү менен келем деп ниет кылгандыгын билдирди.

Сыдыков ошондой эле КР президентинин Түркияга 9нан 11-апрелге чейин болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу да айтып берди.

Ал билдиргендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде өттү.

“Президенттер бардык тармак боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кыргыз-түрк кызматташуусунун учурдагы абалы жана жакынкы келечектеги маанилүү маселелери талкууланды”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий