• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркиянын президенти кыргыз элин жана Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын пПрезиденти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Бул ыйык майрам кол сунуу, бир тууганчылык жана сабырдуулук сезимдерин бекемдейт. Быйыл пандемия Ислам дүйнөсүнө терс таасирин тийгизүүсүн улантып жатат. Мен Ислам дүйнөсүнө туруктуулук менен бейпилчиктин кайтып келүүсүн тилейм», — деп айтылат куттуктоодо.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго чың ден соолук жана албан-албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине эсенчилик жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий