• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиянын президенти Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады

Саясат 0

Анкара, 10.04.18. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган КР мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитин өткөрүүнү сунуштады.

Мындай оюн ал кечээ, 9-апрелде КР президенти Жээнбеков менен болгон жолугуушунун жыйынтыгында билдирди. Белгилей кетсек, Сороонбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Анкарада (Түркия) жүрөт.

“Мен Кыргызстан аталган саммити жогорку деңгээлде өткөрөт жана иш-чаранын төрагасы катары катышуучуларга татыктуу билдирүү жасайт деп ишенем”,-деди ал.

Ошондой эле ал Жээнбековдун бул сапары эки мамлекет ортосундагы кызматташуунун жаңы баскычтары боло тургандыгына ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий