• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркиянын ТМККнын мүчө-мамлекеттерине берген гумжардамы боюнча Түрк кеңешинин башкы катчысынын маалыматы

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Түркиянын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) мүчө-мамлекеттерине берген гуманитардык жардамы боюнча Түрк кеңешинин башкы катчысы маалымат берди. Бул тууралуу Түр кеңешинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, пандемия глобалдык деңгээлде жайылгандан бери, Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттер пандемия менен күрөшүүдө тыгыз кызматташып келүүдө.

Ушул максатта, 2020-жылдын 10-апрелинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) мамлекет башчылары видеоконференция форматында кезексиз саммит өткөрүштү. Бул саммиттеги мамлекет башчылардын макулдашуусу жана тапшырмасы менен Түрк кеңешинин астында саламаттыкты сактоо, экономика, соода, транспорт, миграция, туризм багыттарында өз ара кызматташууну кеңейтүүнү көздөгөн мүчө өлкөлөр арасында пандемия убагындагы актуалдуу маселелерге жана андан аркы орчундуу маселелерди биримдикте чечүүгө багытталган министрдик деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулду.

Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттери менен байкоочу мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты жана тилектештикти балоо менен бирге ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев түрк тилдүү өлкөлөрдүн пандемия башталгандан бери COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө бир нече жолугушуулар өткөрүп, бул жолугушууларда маанилүү чечимдер кабыл алынгандыгын баса белгилеп өттү.

Бул биргелешкен аракеттердин жана кызматташуунун алкагында, пандемиянын алгачкы этаптарынан баштап, анын терс таасирин азайтуу жана оорудан жабыркаган бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо үчүн зарыл болгон каражаттарды камтыган гуманитардык жардамды Түркия Республикасы Түрк кеңешине мүчө өлкөлөргө, атап айтканда, Азербайжан Республикасына, Казакстан Республикасына, Кыргыз Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Венгрия Республикасына жөнөттү.

Акыркы күндөрү бул кызматташуу жаңы баскычка көтөрүлдү. Бүгүн Түркия Казакстанга атайын учак менен 30 вентилятор, 10 комплект ПЦР, жүз миңдеген беткап, ондогон миң коргоочу кийимдерди, 10 миң куту гидроксихлорохин таблеткаларын жана башка медициналык шаймандарды жөнөттү. Мурда дагы 10 тоннадан ашуун медшаймандар менен дарылар Түркиянын мамлекеттик жана ар түрдүү жеке уюмдары тарабынан Казакстанга жөнөтүлгөн.

Түркия жакында эле Азербайжанга медициналык каражаттар менен жардам көрсөттү. Анын ичинде 30 вентилятор, 150 миң беткап, 5 миң көз айнек, 200 миң кол кап, 40 миң даана ар түрдүү дары-дармек жана медициналык аспаптар бар. Андан тышкары, Түркия Республикасынын коронавирус боюнча илимий-консультативдик кеңешинин мүчөлөрү пандемияга каршы күрөшүүгө багытталган изилдөөгө салым кошуу үчүн Азербайжанга атайын иш-чарага барып келишти.

Түрк Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн негизинде Түркия Кыргызстанга 20 өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппаратын (ӨЖЖ), 50 кычкылтек концентраторун, 150 миң беткап, 35 миң коргонуучу кийим жана 1000 куту таблетка гидроксихлорохин жана башка медициналык каражаттарды жардам катары жиберди.

Түркия акыркы айларда Өзбекстанга да медициналык жардам көрсөттү. Анын арасында 50 ИВЛ, дары-дармек, беткап, коргоочу кол каптар жана башка медициналык аспаптар бар.

Түркия Республикасынын Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттерге көрсөткөн жардамын жогору деңгээлде баалаган Багдад Амреев, ушул кыйын кезеңде Түркия түрк тилдүү мамлекеттерге гана боор тартпастан, жалпы эле дүйнөдөгү жардамга муктаж элдерге колун сунуп, COVID-19 менен ийгиликтүү күрөшүп жатканын белгиледи.

Ал түрк дүйнөсү шериктештикти жана кызматташтыкты бекемдеп, экономикалык жана социалдык кубатын арттырып, ушул кыйын күндөрдү жеңерине ишенерин, бул багытта Түрк кеңеши да болгон күчүн жумшай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий