• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиянын унаа башкарган мас атташеси: ТИМ Түркиянын КРдагы элчилигине нота жиберди

Коом 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын КРдагы элчилигине дипломатиялык өкүлчүлүктүн атташесинин жол кыймылынын эрежесин бузуу маселесине байланыштуу нота жиберди. Бул тууралуу журналисттерге ТИМдин протокол департаментинин директорунун орун басары Рустам Кошонов билдирди.

Ал бул фактылар боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтты.

“Түркиянын элчилигине алдыда мындай учурларга жол бербөө суранычы менен нота жиберилди”, - деди ал.

Кошонов атташени жумуштан бошотуу маселеси элчиликтин ички иши экенин айтты.

Эске салсак, өткөн жумада Түркиянын КРдагы элчилигинин атташеси мас абалында унааны башкарып бара жатканы үчүн автоинспекторлор тарабынан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий