• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түркиянын Ван аймагында жана Гөлбашы муниципалитетинде жашаган этникалык кыргыздар маданий иш-чара уюштурат

Маданият 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Түркиянын Ван аймагында жана Гөлбашы муниципалитетинде жашаган этникалык кыргыздар маданий иш-чара уюштурат. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мульти-инструменталист Нурланбек Нышанов менен тарых илимдеринин проф. Сулайман Кайыпов жетектеген кыргыз артисттеринин тобу Түркиядагы кыргыз элчилигине келди.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев жолугушуу учурунда элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана түрк тарап менен пландаштырылган маданият жаатындагы биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Аталган маданий топ Ван аймагында жана Анкаранын Гөлбашы муниципалитетинде жашаган этникалык кыргыздар тарабынан уюштурулуп жаткан маданий иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстандан келген.

Пикир

Оставить комментарий