• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиянын жети шаарынан Кыргызстанга түз каттамдар уча баштайт

Коом 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Түркиянын жети шаарынан Кыргызстанга түз каттамдар уча баштайт. Бул тууралуу маалыматты Түркиянын жарандык авиация башкармалыгы Интернет сайтына расмий жарыялады.

Маалыматка ылайык эки мамлекеттин тийиштүү министрликтеринин ортосунда жарандык авиация жана Анкарадан Бишкекке түз каттам боюнча келишимге кол коюлганы жазылган.

Буга чейинки Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы авиа жыштык 31ден 49га жогорулап, Анталия, Алания, Даламан, Бодрум, Самсун, Кападокия жана Газиантеп шаарларынан түз рейстер боюнча долбоорлорго дагы кол коюлган.

Буга чейин Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Бишкек-Стамбул түз каттамы гана иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий