• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөн басылмалары элди жаныбарларга гумандуу мамиле кылууга чакырууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Түркмөнстандын мамлекеттик ММКлары коомдо үй-жайсыз жаныбарларга катаал мамиле болуп, ошол эле маалда мамлекет аларга камкордук көрүп, гумандуу мамиле жасап жатканын жазышты.

Буга чейин жергиликтүү жаныбарларды коргоочулар Ашхабадда жолбун иттер менен мышыктар жапырт атылып жатканын айтып чыгышкан.

«Түркмөнстан Алтын кылым» мамлекеттик басылмасы ээси үчүнчү кабаттан ыргытып жибергенден кийин жаракат алган иттин окуясын баяндап, кийин аны башка үй-бүлө багып алганын жазды.

«Ориент» басылмасы өлкөдө жолбун жаныбарлардын көйгөйүн чечүү үчүн бийлик борборлоштурулган клиника жана баш калкалоочу жайларды ачуу чечимин кабыл алганын белгилеген.

«Мамлекет биздин катабызды, таш боордугубузду оңдоп жатат десек болот. Ал биздин жаныбарларга болгон жоопкерчилигибизди өзүнө алып жатат», — деп жазды басылма.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашхабадда жана Түркмөнстандын башка аймактарында жолбун жаныбарларды атуу өнөктүгү күч алганын жана аларга катаал мамиле жасалып жатканын кабарлаган.

Түркмөн бийлиги быйыл жыл башынан бери күн сайын шаар көчөлөрүндө жүргөн иттер менен мышыктарды кармап жатат. Буга чейинки жылдары алар мамлекеттик майрамдардын жана ири спорттук иш-чарлардын алдында гана кармалып келген.

Пикир

Оставить комментарий