• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөн мунайгаз компанияларынын кредиттик рейтингдери нөлгө барабар болуп калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. Түркмөнстандын мунайгаз секторундагы ири мамлекеттик ишканалары чет өлкөлүк өнөктөштөрүнө 20 миллион доллар карыз болуп калды. Бул тууралуу эл аралык CIS Debt Recovery Solutions юридикалык компаниясы билдирүүдө.

Ноябрда компания "Түркмөнмунай" мамлекеттик концерни үч жылдан бери чет өлкөлүк өнөктөшүнө 8 миллион доллар карызын төлөбөй келе жатканын билдирген. "Түркмөнгаз" компаниясынын бересеси болсо 15 миллион долларды чамалайт.

Юридикалык компания 3-декабрда Түркмөнстан менен кызматташкан бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөргө карыз өндүрүү боюнча жардам сурап кайрылган. CIS Debt Recovery Solutionsтун ага кеңешчиси Тарас Копий “Азаттыкка” түркмөн компаниялары бир нече мамлекеттеги өнөктөштөрүнө карыз экенин тастыктады.

"Кытайда экспорттук келишимдерибиздин 95-99% кепилдендирген компания бар. Биз мурун “Түркмөнгаз” боюнча иштешкенбиз. Аларга кайрылганыбызда "Түркмөнгаз" менен "Түркмөнмунайдын" кредиттик рейтингдери нөл экенин айтышты. "Түркмөнмунайга" карата үч иш ачылган, алар кытайларга карыз. Демек, Түркмөнстандын эки мамлекеттик компаниясы кара тизмеде", - деди CIS Debt Recovery Solutions кеңешчи.

Компания апрелде кытайлык кардарларына "Түркмөнгаздан" 2.5 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды өндүрүп берген. Мындан соң аларга Франция, Кытая, Орусия, Катардагы компаниялар дагы жардам сурап кайрыла башташкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий