• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөн президенти 23-апрелде Өзбекстанга келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 23-апрелде эки күндүк мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келет.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин маалымат катчысы Комил Алламжонов кабарлагандай, мамлекет башчылардын жолугушуусу учурунда бир нече документтерге кол коюлат. Президенттер мындан тышкары Ташкенттеги Махтумкули көчөсүн кыдырып, Ашхабад проспектисинин ачылыш аземине катышышат.

Жергиликтүү ММКлар Бердымухамедовдун сапарына байланыштуу Ташкент иретке келтирилип жатканын жазышууда. Шаардагы Яшнабад районунун акими президенттик кортеж өтө турган жолдордун боюндагы майда дүкөн, кафе, аялдама жана гезит күркөлөрүн түрттүрүүгө буйрук берген. Мирзиёевдин тыюусуна карабай, тазалык иштерине мугалимдер жана медицина кызматкерлери тартылууда.

24-апрелде Гурбангулы Бердимухамедов Хорезм облусуна келип, маданий жайларды кыдырат.

Түркмөнстан президент Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстан президентине ТАПИ (Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия) газкуурунун курулушуна материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылууга ниеттенип жатканы айтылууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий