• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөн президенти аргымагына арналган рэп аткарды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов «Ровач» аттуу сүйүктүү аргымагына арнап ыр жазды.

Небереси Керимгулы экөө аткарган рэп ишемби-жекшембидеги ахалтекин жылкысынын урматына өткөрүлгөн Улуттук майрамда ырдалды.

Өткөн аптадан тартып түркмөн президенти «кебете-кешпирин өзгөртүп», көз айнек тагына баштады. Ушундан соң өлкөдөгү бардык мамлекеттик маалымат каражаттары президентти көз айнекчен гана көрсөтүп, сүрөтүн басып жатканын «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Бердымухамедов кебете-кешпирин өзгөрткөн сайын өлкөдөгү бүт мекемелердеги анын портреттери да алмаштырылып турат. Президент былтыр чачын капкара түскө боегонду токтотуп, буурул чачы менен коомчулукка көрүнө баштаган.

Пикир

Оставить комментарий