• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркмөн президенти дем алышта дрифтинг менен алектенип, гольф ойноду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өткөн дем алышта Ашхабад түндүгүндөгү турак-жайлардын курулушу менен таанышып, спорттук автомобиль менен жарышка катышып, гольф ойноду.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (ТДХ) кабарлагандай, Гурбангулы Бердымухамедов ИИМдин Автоспорт борборун кыдырып, жаңы келген спорттук автоунаалар менен таанышты. Президент жарышка ылайыкташкан машинелерди мыкты айдай турганын далилдеди.

Жекшембиде Бердымухамедов шаардагы гольф-клубга барды. Бул күнү аны вице-премьер-министрлер, Ашхабаддын акими коштоп жүрдү.

Мамлекеттик телеканалдар ак формачан Бердымухамедов гольф-карда отуруп алып, орун басарларына гольф тууралуу лекция окуп жатканын көрсөтүштү. Бердымухамедов вице-премьерлерге түркмөндөрдүн “чилик” спорттук оюну гольф менен өтө окшош экенин айтып берди.

Ал муну менен эле чектелип калбай, учурда көптөгөн заманбап спорттук дисциплиналар түркмөн улуттук оюндарынан чыкканын кошумчалады.

2017-жылы октябрда – Түркмөнстанда экономикалык кыйынчылыктар күч алган учурда Ашхабадда салтанаттуу түрдө гольф-клуб ачылган.

Пикир

Оставить комментарий