• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөн президенти Душанбедеги КМШ саммитине катышпайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов 27-28-сентябрда Душанбеде өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышпайт. Түркмөнстандын өкмөттүк басылмалары кабарлагандай, иш-чарага вице-премьер-министр келет.

Маалыматтарга караганда, түркмөн президенти 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Нью-Йоркто болуп, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясына катышат.

Бул арада КМШ өлкө башчыларынын саммитинде төрагалык Тажикстандан Түркмөнстанга өтөт. Ашхабад жакынкы жылдарда КМШ өлкөлөрүн өнүктүрүүнүн Концепциясын даярдоодо.

Тажикстан бийлиги саммит үчүн Душанбеге Көз карандысыз өлкөлөр шериктештигине мүчө дээрлик бардык мамлекеттердин башчылары – Владимир Путин, Александр Лукашенко, Ильхам Алиев, Армен Саркисян, Нурсултан Назарбаев, Шавкат Мирзиёев, Сооронбай Жээнбеков жана Игорь Додон келерин маалымдады.

Азырынча Украина президенти Петр Порошенко гана чакырууга жооп бере элек. Буга чейин Киев уюмдан чыгарын билдирген.

Тажикстандагы КМШ саммитинде саясий, маданий жана гуманитардык кызматташтык, коопсуздук маселелери талкууланат. Уюмдун Аткаруу кеңеши тараткан маалыматка караганда, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына байланыштуу даярдалган долбоор каралып, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын өткөрүүгө камдык көрүү маселеси талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий