• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөн президенти немис тилинде ырдады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов небереси менен бирге кезектеги жаңы ырын аткарды. Бул тууралуу өлкөнүн расмий басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, президент менен небереси «Кыял» аттуу ырды 21-декабрда Жаңы жылга арналган салтанат маалында ырдашты. Ал иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ата мекендик жана чет өлкөлүк дипломаттар, ошондой эле маданият жана искусство ишмерлери катышкан.

Ырдын сөзү президент Гурбангулы Бердымухамедовго, обону небереси Керимгулы Бердымухамедовго таандык.

«Заманбап стили жана шөкөттөөсү менен айырмаланган ыр түркмөн, англис жана немис тилдеринде аткарылды. Жагымдуу обону, жүрөктөн чыккан сөздөрү угармандардын көңүлүнө жакты. Ырдын аларга жакшы таасир калтырганы дүркүрөгөн кол чабууларынан көрүнүп турду», — деп жазды «Түркмөнстан Алтын кылым» басылмасы.

Быйыл жазында Бердымухамедовдун аткаруусундагы советтик «Каракум» ыры коомчулуктун көңүлүн буруп, социалдык түйүн колдонуучуларынын кызыгуусун жараткан.

2015-жылы президенттин калемине таандык «Алга, алга жана алга, мекеним, Түркмөнстан!» деген ырын бир маалда төрт миңден ашык киши аткарып, ал Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Пикир

Оставить комментарий