• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөн студент кыздарына чыпташкан көйнөк кийүүгө тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Түркмөнстанда студенттерге денеге чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынды. Мындан ары алар узун көйнөк жана саймалуу улуттук шым кийип жүрүшү керек.

Билим берүү министрлигиндеги аткаминер билдиргендей, учурда бул талап окутуучуларга жана ата-энелерге жеткирилди.

"Быйыл окуучу кыздар үчүн жаңы мектеп формасы киргизилет. Жаңы форманын үлгүлөрү 10-августта келет. Эми класс жетекчилери эс алуу маалына карабай, окуучулардын үйлөрүн кыдырып, 10-августка чейин форма сатып албоону эскертишет. Облустук билим берүү жетекчилери бул кенен көйнөк, шым жана жакет болот деп жатышат", - деп билдиришкен Дашөгүз облусундагы жашоочулар.

Түркмөнстан мектептеринде улуттук кийимге негизделген формаларды кийүү – милдеттүү. Бул талап орус, түрк жана башка улуттун өкүлдөрү басымдуулук кылган мектептерге да тиешелүү.

Пикир

Оставить комментарий