• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөн-өзбек чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттери жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.11.18. /Кабар/. Ашхабадда 1-ноябрда башталган Оор атлетика боюнча чемпионатка байланыштуу түркмөн-өзбек чек ара бекеттери жабылды. Мелдеш 10-ноябрга чейин өтөт.

“centralasian.org” кабарлагандай, Лебап облусунун Фарап районундагы чек ара бекетинде кишилерди өткөрүү токтотулду.

Өзбекстандагы туугандарын тосуу үчүн көзөмөл-өткөрмө бекетине барган жарандарга чемпионат бүткөнгө чейин чек ара ачылбай турганы айтылган.

Эки өлкөнүн жарандары түркмөн-өзбек чек арасынан виза же жеңилдетилген уруксат кагазын көрсөтүү аркылуу өтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий