• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Түркмөнгаз» менен «Газпромдун» ортосундагы убактылуу келишимдин мөөнөтү аяктады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. 1-июлда түркмөн газын сатып алуу боюнча Орусиянын «Газпром» мамлекеттик компаниясы менен «Түркмөнгаздын» ортосунда түзүлгөн убактылуу келишимдин мөөнөтү аяктады.

Буга чейин тараптар беш жылдык келишимге кол коюунун үстүнөн иштеп жатышканы кабарланган. Майдын ортосунда Орусиянын энергетика министринин орун басары Анатолий Яновский анда кеп жылына 10 миллиард куб метр газ сатып алуу жөнүндө болушу мүмкүндүгүн билдирген.

«Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын маалыматына караганда, 15-апрелде түркмөн газын кайрадан сатып ала баштаган «Газпром» 30-июнга чейин 1 миллиард куб метрден ашык көгүлтүр отун алууну пландаган.

Орусиянын «Газпром» компаниясы 2016-жылдын башында түркмөн газын сатып алууну токтоткон. Анын алдында тараптардын ортосунда баа саясаты боюнча пикир келишпестиктер жаралган.

Орусия «Түркмөнгаз» келишимдеги шарттарды «бузуп жатканын» билдирип, материалдык чыгым катары компенсация талап кылган. Мындан тышкары «Газпром» Түркмөнстандан сатып алган газдын баасын кайрадан карап чыгуу талабы менен Стокгольмдогу арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылган.

Өз кезегинде Түркмөнстан Орусиянын мамлекеттик компаниясы сатып алып жаткан газ үчүн 2015-жылдын башынан бери​ акча төлөбөгөнүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий