• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркмөнстан 29 миң Visa картасына чектөө киргизди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Түркмөнстан Жогорку экономикалык банкы февралдын ортосунда 30 миңдей Visa картанын 29 миңин чектегени белгилүү болду.

"Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” кабарлагандай, карталарга бөгөт коюлгандыктан, чет өлкөдө жүргөн түркмөнстандыктар акчаларын ала албай калышкан.

Басылма өз булактарына таянып билдиргендей, Visa карталарын президент Гурбангулы Бердымухамедовдун үй-бүлөсүнө жакын кишилер жана тандалма бизнесмендер гана колдоно алышат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөнстандын Мамлекеттик банкынан комментарий ала алган жок.

"Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” Visa карта боюнча түшүндүрмө талап кылган жүздөгөн киши Мамлекеттик банктын имаратында сааттап кезеке туруп жатканын билдирүүдө. Бул кырдаалды айрым кишилер өз кызыкчылыгына пайдаланууда. Vestniktm.com сайтынын жарыялар бөлүмүндө банкка кезекке туруп берүү наркы 40 манатка (11 доллардын тегереги) бааланууда.

Түркмөнстанда VISA карталарына чектөөлөр мурун эле киргизилсе да жыл сайын бул катаалдашууда.

Пикир

Оставить комментарий