• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстан: Азия оюндарынын алдында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Түркмөн бийлиги Азиа оюндарыны алдында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салды. Ашхабад дүкөндөрүндө алкоголдук продукция толугу менен жоголду, спирт ичимдиктерин саткан соода түйүндөрү өз ишмердүүлүктөрүн токтотушту.

Ассошиэйтед Пресс ((AP) агенттигинин кабарлашынча, бийликтин оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде алкоголь сатуу быйылкы жылдын октябрь айына чейин токтотулду.

Франс-пресс (AFP) маалымат агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу - Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына байланыштуу. Мындай чечим иш-чара учурунда коомдук тартипти камсыздоо максатында кабыл алынган.

Түркмөнстан өкмөтү 15-августта аскер жана укук коргоо органдарын күчөтүлгөн режимде иштөөгө буюрган. Чек араларды жабуу жана виза берүүгө чектөө киргизүү тапшырмасы берилген. Азия оюндары 17-27 сентябрь күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий