• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркмөнстан банан түшүмүн жыйноого даярданууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Түркмөн ишкерлери банандын алгачкы түшүмүн жыйноого камданышууда. Бул тууралуу “Тренд” азербайжан агенттиги Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңешине шилтеме жасоо менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, Мары облусунда “Фрехар” түркмөн компаниясы бир гектар аянтты ээлеген күнөсканада банан өстүрүүдө.

Көчөттөр Түркиядан алынып келген. Ишкерлер банандын биринчи түшүмүн декабрдын ортосунда жыйноону пландоодо. Продукциянын болжолдуу көлөмү – 30-40 тонна.

Былтыр коңшулаш Ирандан банан импорттоо боюнча Түркмөнстан биринчи орунга чыккан. Ирандын Бажы кызматы жалпы суммасы 1,3 миллион доллар болгон 1670 тонна банан Түркмөнстан, Түркия жана Катарга экспорттолгонун билдирген. Климаты ысык жана кургак Түркмөнстан экзотикалык жемиштерди гана эмес, чөп-чар, өлкөдө өскөн катардагы жашылча-жемиштерди да тыштан ташып келет.

Пикир

Оставить комментарий