• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Түркмөнстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң коррупциялашкан өлкө деп табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны иликтеген «Transparency International» уюму жаңы жарыялаган жылдык баяндамада Түркмөнстан 161-орунга жайгашып, Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң начар деп табылды.

«Transparency International» Борбор Азия менен Чыгыш Европа өлкөлөрүндө мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин азайтуу боюнча олуттуу жылыш жок болуп, бул өз кезегинде аталган аймактарда демократияга коркунуч туудуруп жатканын белгилеген.

«Дээрлик [Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы] ар бир өлкө 100 упайдын 45 же андан азына ээ болушту. Бул аймакта коррупцияга каршы күрөштө өтө аз жылыш болгон», — деп жазылган баяндамада.

Түркмөнстан бир топ жылдан бери дүйнөнүн эң коррупциялашкан өлкөлөрүнүн тизмесинде калууда. Ал ортодо бул өлкөнүн жетекчилиги коррупцияга каршы күрөштү өкмөттүн ишиндеги приоритетттүү багыттардын бири экенин жарыялаган.

Күн мурун Түркмөнстанда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат өлкөнүн Ички иштер министрлиги менен бириктирилген. Президент 25-январда кол койгон жарлыкка ылайык, мындай чечим экономикалык кылмыштарга каршы күрөштүү күчөтүү жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий