• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстан БУУда аялдардын укугу боюнча отчет берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. “Түркмөнстан хроникасы” кабарлагандай, 10-июлда БУУнун Женевадагы кеңсесинде Аялдарга карата дискриминациянын бардык формасын алып таштоо конвенциясы боюнча түркмөн өкмөтү баяндама жасады.

Басылма кабарлагандай, жыйындын катышуучулары Түркмөнстан өкүлдөрүнөн аял укук коргоочуларды куугунтуктоо, мамлекеттик мекемелердеги дресс-код, пахта талааларына аялдарды мажбурлап ишке тартуу көйгөйлөрү тууралуу сурашты.

Бирок түркмөн өкүлдөрү өлкөдөгү мыйзамдар жана улуттук программалар жөнүндө кеп кылып, суроолорго так жооп беришкен эмес.

Түркмөнстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Атагелди Халджанов бардык суроолорго кийинчерээк жазуу түрүндө жооп беришерин айткан.

“Түркмөнстан хроникасы” билдиргендей, 9-июлда “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” брифинг өткөрүп, бул тема боюнча өздөрүнүн альтернативдүү баяндамасын жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий