• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түркмөнстан кайрадан тажик жүк унааларынын транзитине тыюу салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Тажикстанга бараткан ондогон оор жүк ташуу унаалары Түркмөнстандын чек арасынан өтө албай турушат. Айдоочулар түркмөн бийлиги 4-февралдан тарта алардын өз аймагы аркылуу өтүүсүнө тыюу салганын билдиришүүдө.

5-февралда Тажикстандын транспорт министринин орун басары Шерали Ганжалзода тажик тарап бул боюнча Түркмөнстандан түшүндүрмө талап кылганын, бирок азырынча жооп келе электигин билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата түркмөн чек арасында 20га жакын жүк унаасы топтолуп калды. Ал айдоочуларга альтернатива катары Ооганстандын Герат бекетин жана Азербайжандагы портту пайдаланууну сунуштады. Бирок ишкерлер аталган жолдор узак болуп, чыгымы көп экенин айтып жатышат.

Былтыр августта түркмөн бийлиги өз аймагы аркылуу Тажикстандын жүк унаалары менен темир жол вагондорунун өтүүсүнө тыюу салган. Анда жүк ташуу компанияларынын жүздөгөн унаалары иран-түркмөн чек арасынан өтө албай туруп калышкан. Ашхабад алардын өтүүсүнө бир айдан кийин гана уруксат берген. Анда Түркмөнстан бул тыюу коопсуздук маселелерине байланыштуу экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий