• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстан Каспийде жаңы порт ачты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.05.18 /Кабар/. Түркмөнстан 2-майда Каспийде жаңы ири деңиз портун ачты. Өлкө бул экспорттун келечегин жакшыртып, Европа менен Азияны бириктирген аймактык хабга айланат деп үмүттөнүүдө.

1,5 миллиард долларга бааланган жүк жана жүргүнчү портунун ачылышы Түркмөнстан жаратылыш газынын экспортунан көз каранды экономикасын диверсифицикациялоого аракет кылып жаткан маалга туш келди. Газ экспорту негизги валюта булагы болуп эсептелет. Бирок түркмөн газынын негизги аларманы болгон Орусия 2016-жылы импортту токтоткондон кийин Түркмөнстан казнасы бир топ эңшерилген.

Маалыматтарга караганда, Түркмөнбашыдагы жаңы порт Түркмөнстанда жүк ташууну үч эсеге, башкача айтканда жылына 25-26 миллион тоннага чейин көбөйтөт. Океанга чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгону менен Каспий деңизи аймактагы соода үчүн маанилүү ролго ээ.

Объекттин расмий ачылыш салтанатында сөз сүйлөгөн Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы порт деңиз транспорт системасында маанилүү тогоо болуп, Кара деңиз аймагына, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азияга каттоо үчүн жагымдуу шарт түзөрүн белгиледи. Бердымухамедов Ашхабад деңиз портун Өзбекстан жана Ооганстан сыяктуу кошуналары менен бирге пайдалануу жагын талкуулоого даяр экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий