• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстан менен Кувейт эки тараптуу 10 кызматташтык документине кол коюшту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Кувейт шаарында Түрмөнстан менен Кувейттин тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү жолугушуп, эки тараптуу 10 кызматташтык документине кол коюшту. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Жолугушуунун алкагында Кувейт менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери эки тараптуу саясий сүйлөшүүлөр жөнүндө меморандумга кол коюшту. Ошондой эле Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин эл аралык мамилелер институту менен Кувейттин “Сауд Нассер ал-Сабах” дипломатиялык институтунун ортосундагы кызматташтык меморандумуна кол коюлду. Мындан тышкары экономикалык, техникалык, соода тармагындагы кызматташтык, Түркмөнстан менен Кувейттин ортосундагы кызматташтыктар боюнча биргелешкен комиссия түзүү жана дипломатиялык паспорттор үчүн визаны жокко чыгаруу макулдашууларына кол коюлду.

Кол коюлган документтердин бири Түркмөнстан менен Кувейттин өкмөттөрүнүн ортосундагы көркөм өнөр жана маданият тармагындагы кызматташтык келишими болду. Ошондой эле “Түркмөнгаз” компаниясы менен Kuwait Petroleum Corporation компаниясынын ортосунда өз ара макулдашуу меморандумуна жана Түркмөнстандын өкмөтү менен Кувейттин "Араб экономикалык жана коомдук өнүгүү фонду” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий