• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстан мигранттарды кайтаруу чараларын күчөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Түркмөнстан бийлиги чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарын кайтаруу боюнча чараларды күчөттү.

Учурда аткаминерлер жарандардын эски паспортторун үч жума ичинде жаңысына алмаштырууга, миграциялык мыйзамдарды бузгандарды жоопкерчиликке тартпоого убада берүүдө.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн түркмөн бийлиги убада гана бербестен, аларды туугандары аркылуу кысымга алууда. “Мигранттар кайтууга ашыкпагандыктан, туугандарына кысым башталды. Бюджеттик тармак кызматкерлерине чет өлкөдө жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү кайтып келишпесе, кесепеттери оор болорун эскертишүүдө”, -деди "Азаттыктын" Ашхабаддагы кабарчысы.

Түркмөнстандыктар иш издеп көбүнчө Түркияга барышат. Акыркы учурда Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжанга багыт алгандардын саны да артты.

Пикир

Оставить комментарий