• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркмөнстан: мугалимдер 200 килограммдан темир-тезек тапшырууга милдеттендирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Түркмөнстанда мектеп мугалимдери, ошондой эле айыл-чарба тармагындагы кызматкерлер мамлекетке темир-тезек тапшырууга милдеттендирилди, - деп жазат centralasian.

Маалыматка караганда, билим берүү жана айыл-чарба тармагында иштеген ар бир кызматкер мамлекеттик металлургия заводуна 200 килограммдан темир-тезек тапшырууга милдеттүү. Облус жетекчилери мындай талапты аталган тармактардын сентябрь жана октябрь айлары үчүн планы катары бекитишти.

Мугалимдердин айтымдарында, бош убактыларында алар темир-тезек издеп, айрымдары окуучулардан жардам сурашууда.

"Азыр биз сабактардан кийин таштандылардын арасынан темир издеп жатабыз. Үйдө темирден жасалган эч нерсе жок калды. Айрым мугалимдер окуучуларынан жок дегенде үч килограммдан алып келип берүүнү өтүнүп жатышат» — деди Йыланлы районунда иштеген мугалимдердин бири.

Ал ортодо Дашөгүз облусундагы айыл-чарба кызматкерлери темир-тезек тапшыруу планын аткаруу үчүн эски техникаларды ажыратып, алардын темир тетиктерин ала баштагандыктары кабарланууда.

Азырынча өлкөдө жапырт түрдө темир-тезек чогултуу өнөктүгү жүрүп жатканын мамлекеттик органдардан ырастоого мүмкүн болгон жок. Түркмөн бийлиги өлкөдө жарандарды мажбурлап иштетүү тажрыйбасы бар экенин расмий мойнуна албай келет.

Пикир

Оставить комментарий