• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолун куруу кечеңдөөдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Түркмөнстан Тышкы иштер министрлиги “Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан” темир жолун куруу идеасын кийинкиге жылдыруу тууралуу Душанбенин ниетин түшүнбөй жатканын билдирди.

20-сентябрда орусиялык "Коммерсант" басылмасына Тажикстандын Өзбекстандагы элчиси Имоми Содик Ашурбойзода маек берген. Дипломат Өзбекстан менен мамилелер жакшыргандыктан, Душанбе Түркмөнстандан Тажикстанга Ооганстандын түндүгү аркылуу темир жол салуу идеасын кийинкиге жылдырып жатканын билдирген.

2013-жылы Гурбангулы Бердымухаммедов, Эмомали Рахмон жана Хамид Карзай Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан трансооган коридорун түзүүгө макулдашып, курулуштун долбоору боюнча Меморандумга кол коюшкан. 2016-жылы ноябрда Түркмөнстан өз аймагына караштуу тилкеде темир жолун салып, Ооганстан чек арасына алып барып такаган.

Ооган тилкесинде темир жол салуу өлкөдө кырдаал начарлап жана Азия өнүктүрүү банкы долбоорго катышпай калгандан кийин токтоп калган. Ал ортодо Ооганстан менен Тажикстан трассанын багыты боюнча да бир пикирге келген эмес. Ага карабай, Душанбе буга чейин өз аймагындагы трассаны быйыл пайдаланууга берерин билдирген.

2017-жылы Тажикстан өкүлү Түркмөнстанды кыйгай өтүп, Өзбекстан аркылуу Орусияга темир жол саларын билдирген. Бул түркмөн тараптын нааразылыгын жараткан.

2018-жылы мартта Галаба (Өзбекстан) – Амузанг (Ооганстан) темир жолу калыбына келтирилип, бул жол менен Тажикстандан Куляб-Москва багыты боюнча биринчи поезд каттаган.

Пикир

Оставить комментарий