• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстан почтасы Россияга жөнөтүлө турган посылкаларды кабыл алууну токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. Ашхабаддагы почта бөлүмдөрү 27-февралдан тарта Россияга жөнөтүлө турган посылкаларды кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.

«Түркмөнпочтасы» ишканасынын башкы кеңсесинен Түркмөнстандан Россияга посылка жөнөтүү токтотулганын ырасташты.

Орус тараптын маалыматына караганда, Түркмөнстандан EMS экспресс-жөнөтүүлөрдү кабыл алуу гана токтотулган. Ал эми каттар жана майда посылкалар адаттагы режимде кабыл алынууда. «EMS кооперативинин алкагындагы эсептешүүлөрдүн жыйынтыгында түркмөн тарап карыз болуп калып, посылкаларды кабыл алуу токтотулган. Кабыл алуу Түркмөнстан карыздан кутулгандан кийин калыбына келет. Учурда каттар жана майда посылкалар адаттагы режимде кабыл алынууда», — деп билдиришти «Россия почтасынын» басма сөз кызматынан.

Түркмөнстандагы почталар кардарларына РФ посылкалардын кабыл алынбай жатышынын себептерин түшүндүрүшкөн жок.

Түркмөнстанда почта кызматтарын «Түркмөнпочта» мамлекеттик байланыш кызматы менен EMS эл аралык экспресс-почта кызматынын бөлүмдөрү көрсөтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий