• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөнстан президенти балдар үйүнө велосипеддерди белекке берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Түркмөнстан президенти шаардык балдар үйүнүн тарбиялануучуларына велосипеддерди белекке берди. Балдарга түркмөн лидеринин белегин 30-октябрда өкмөт мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору тапшырышты.

Иш-чара жапырт веложүрүш менен аяктады. Ага балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен катар спортчулар, студенттер жана чиновниктер катышты.

​Түркмөнстанда велоспорт мамлекеттик деңгээлде белгиленет, демилгечи – өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Веложүрүштөргө жыл сайын миңдеген кишилер катышат. Алар велосипед жана спорттук кийимдерди өз эсебинен алышат.

Бул тармакта Түркмөнстан эки жолу Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Пикир

Оставить комментарий