• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түркмөнстан президенти дыйканчалык жөнүндө макал-лакаптар жыйнагын чыгарууну тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов айыл чарбасына тиешелүү макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү чогултуп, китеп кылып чыгарууну буюрду.

7-январда президенттин катышуусу менен өткөн өкмөт жыйыны айыл чарба маселелерине арналган. Бердымухамедов дыйканчылыкты өнүктүрүүнү тапшырган.

Түркмөн мамлекеттик телеканалдары президент дыйканчылыкты өнүктүрүүнүн жолу катары учкул сөздөр менен макал-лакаптар жыйнагын чыгарууну демилгелегенин кабарлашты.

Ашхабаддык тилчилер “макал-лакаптар дыйканчылыкты жакшыртууга кантип таасир тийгизет” деп таң калышууда.

Президент Бердымухамедов жаңы жылдык кайрылуусунда элдик ынанымдарга таянуу менен 2019-жылы түшүмдүүлүк мол болот деп убада берген.

2018-жылы Түркмөнстан 1 миллион 600 миң тонна эгин жыйноо планын аткара алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий