• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Г. Бердымухамедов президент А. Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Биздин элдер көп кылымдар бою аздектеп келаткан Нооруздун жаркын салттары бүгүн эл аралык таанууга ээ болду. Нооруздун ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурасынын тизмесине киргизилиши анын кайталангыстыгын жана жалпы адамзаттык маанисин ырастайт. Ошондой эле биздин өлкөлөрдүн элдеринин достукка, адамгерчиликке жана тынч жанаша жашоого чакырган гуманизм жана эмгекчилдик принциптерине бекем берилгендигин күбөлөйт.

Бул жаз жана жаңылануу майрамы Сиз үчүн жана сиздин өлкөнүн эли үчүн кубаныч, бакыбаттык жана өсүп өнүү менен коштолсун», - деп айтылат Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий