• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөнстан президенти имиджин кайрадан өзгөрттү

Дүйнө 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов эл алдына жаңы образ менен чыкты. Мамлекеттик телеканалдар президентти очкичен көрсөткөндөн кийин, өлкөдөгү бардык ММКлар анын очки тагынган гана сүрөттөрүн жарыялай башташты.

26-апрелде “Түркмөнстан” жана “Бейтарап Түркмөнстан” мамлекеттик гезиттери Бердымухамедовдун алтын алкактуу очки тагынган сүрөттөрүн жарыялашты.

Түркмөн президенти ырааттуу түрдө чачынын жасалгасын, түсүн өзгөртүп, ар түрдүү кийим менен ар түрдүү кырдаалда эл алдына чыгып турат.

Мамлекет башчы имиджин өзгөрткөн сайын мекеме-ишканалар, бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлар президенттин сүрөтүн өзгөртүп турушат. Президенттин сүрөтүн кызматкерлер өз эсептеринен алмаштырышат.

​2007-жылы бийликке келгенде Гурбангулы Бердымухамедовдун чачы ак аралаш болчу. Бара-бара ал карага алмашкан. Бирок 2018-жылы президенттин чачын кайрадан ак аралаган.

Пикир

Оставить комментарий