• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Түркмөнстан президенти өлкөнүн мыйзам чыгаруу органын да жетектемей болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек,15.04.21. /Кабар/. 14-апрелде Түркмөнстанда президенттин талапкерлиги негизги мыйзам чыгаруучу орган болгон Калк Маслихатынын башчылыгына бекитилди.

Гурбангулы Бердымухамедов өзүн жаңы органдын жыйынында Калк Маслихатынын башчысы катары жарыялады. Муну менен Бердымухамедов бир эле учурда аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигин жетектемей болду.

Калк Маслихатынын жыйынын мамлекеттик телеканалдар түз алып көрсөтүштү. Жыйында түз добуш берүү менен мандат алган жана президент дайындаган парламентарийлердин тизмеси да бекитилди.

Мыйзам чыгаруучу органдын жыйынында каралган бардык маселелер бир добуштан кабыл алынды.

Калк Маслихаты– түркмөн парламентинин жогорку палатасы 56 депутаттан турат, алардын сегизин президент жеке өзү дайындайт. Башында Бердымухамедовдун аты аталган эмес, анын парламенттин башчылыгына дайындалышы – күтүүсүз болду.

63 жаштагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн өкмөтүн дагы башкарат.

Түркмөнстанды 2006-жылдан бери жетектеп келе жаткан Бердымухамедов эки палаталуу парламенттин түзүлүшү “өлкөнүн мындан ары да демократиялашуусуна” багытталарын билдирүүдө.

Эксперттер болсо Калк Маслихатын түзүү максатында Түркмөнстан Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөр бийликти уулу Сердар Бердымухамедовго өткөрүп берүү үчүн жасалган айла деп эсептешет.

Быйыл февралда Гурбангулы Бердымухамедов 39 жаштагы уулу Сердарды өзүнүн орун басары жана Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кылып дайындаган. Ал Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мүчөсү. Апрелде болсо ТИМ башчысынын ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн алды. Сердар Бердымухамедов “Түркмөн алабайы” ассоциациясынын жетекчиси да болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий